Ош билим берүү институтунун 2024-2025-окуу жылына карата түзүлгөн план-графикти бул жерден жүктөп алсаңыздар болот.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ
“Информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы” курсуна мектептеги информатик мугалимдер келишет;
“Информатика — Санариптик сабаттуулук” курсуна компьютерде иштөө боюнча билимдеримди жогорулатам деген мугалимдер келет (информатик эмес);
Мектеп жетекчилери-директорлор, завучтар, организаторлор үчүн 1 жылда 3төн курс өткөрүлөт;
Мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы – директорлор 3 жолу, тарбиячыларга 7 жолу;
Тарбиялык процесстерди уюштуруучулар- деген биздеги кабинеттин аталышы бул курска – соцпедагогдор, обл. рай. БЧБнын кружок жетекчилери келишет жана 1 жолу интернат тарбиячылары келет;
Чыгармачыл мугалимдер — Рай. Метод кабинеттеринин усулчулары -1 жолу, «Мен Жана дүйнө, Табият таанууну окутуунун теориясы жана методикасы»-1 жолу, Чыгармачыл мугалимдер -1 жолу курс уюштурулат.
Алыстан келип окугандар үчүн жатакана бар. Шарты жакшы. Талаптар болсо келишимдин негизинде кошумча курстарды бардык предметтер боюнча өтүп беребиз (Акы төлөнүүчү).
Андан тышкары китепканачылар үчүн курстар, тематикалык, атайын курстар да өтүлөт. Суроо-талаптар кандай түшсө, ошого карап курстун бардык түрлөрү өтүлөт.
Суроолор болсо 0770 19 32 07; 0701 23 70 64; (03222) 6-78-71 телефондору аркылуу байланышка чыксаңыздар болот.
Урматтоо менен Асида Бабакулова