
Ош билим берүү институту (мурдагы Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту) Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин 1962-жылдын 8-августундагы №415 “Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту жөнүндөгү” токтомуна ылайык Эмгекчилер депутаттарынын Ош областтык Советинин Аткаруу комитетинин ушул эле жылдын 8-октябрындагы №616 чечиминин негизинде мугалимдердин билимин жогорулатуу, педагогикалык изденүүнүн ыгын калыптандыруу, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана усулдук иштерди уюштуруу багыттарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн түзүлгөн.
Ошол кездеги институттун директору болуп У.Юлдашев, директордун усулдук иштер боюнча орун басары катары И.А.Макаревичтер иштешкен. Ал эми А.Козуева, М.Зубахина, Л.Петрова, А.Абдылдаев, Э.Турсунов, Т.Усенбаев, Т.Шевченко, А.Абидов, У.Кулбаев, К.Алимов, Е.Андреева ж.б. каана башчылары катары иш алып барышкан.
Институт илимий педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн СССРдин бүткүл Союздук көргөзмөсүнө катышып, Советтер Союзунун билим берүү Министрлигинин эки жолу Ардак грамотасы жана тармактын профсоюз уюмунун Көчмө Кызыл Туусу менен сыйланган.
Азыркы учурда Ош билим берүү институтунда Түштүк аймагындагы (Ош, Баткен, Жалал-Абад) педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, усулдук жардам берүү боюнча:
-“Тил, тарых жана өнөр сабактарын окутуунун методикасы”;
-“Мектепке чейинки тарбия жана башталгыч билим берүүнүн методикасы”;
-“Табигый математикалык сабактарды окутуунун методикасы”;
-“Билим берүүдөгү менеджмент” кафедраларында жана билим берүү мекемелеринин ишин координациялоо багытында жалпы 39 кызматкер, анын ичинен 4 илимдин кандидаттары, 27 “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери жана кесипкөй мугалимдер эмгектенип келүүдө.
Институттун жамааты тарабынан илимий-практикалык конференциялар, педагогикалык окуулар, чыгармачыл мугалимдердин семинарлары, слеттору, предметтик олимпиаданын облустук этабы, сынактар, фестивалдар системалуу түрдө өткөрүлүүдө. Өткөрүлгөн иш чараларды, алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды, мыкты усулдук иштелмелерди, плакаттарды, буклеттерди, макалаларды массалык-маалымат каражаттарында үзгүлтүксүз чагылдыруу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
2018-жылы Азия Өнүктүрүү Банкынын билим берүү секторун колдоо долбоорунун алкагында институттун физика, химия, биология жана география кабинеттери капиталдык ремонттон өткөрүлүп, керектүү окуу каражаттары менен камсыздалды. Ошондой эле калган кабинеттер дагы ремонттон өткөрүлүп, учурда математика кабинетин заманбап окуу каражаттары менен камсыздоо маселеси каралууда.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун сапаттык деңгээлин көтөрүү, жогорку квалификациялуу лектор-тренерлерди даярдоо максатында институттун мугалимдери билим берүү тармагы боюнча долбоорлор менен иш алып барышууда.
Илимий-усулдук иштерди жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн шериктеш мамлекеттердеги билим өркүндөтүү институттары менен тажрыйба алмашуу максатында, кызматкерлер өз билимдерин Москва, Киев, Казань, Алма-Ата, Ташкент сыяктуу шаарларда өркүндөтүп келишкен. Учурда, жакынкы коңшу өлкө – Өзбекстан Республикасынын Андижан облусундагы билим өркүндөтүү институту менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ош билим берүү институтунун жамааты мындан ары да педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштей бермекчи.