ОШТО ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Uncategorized

Бүгүн Ош билим берүү институтунда «21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн» утурлай «Эне тил жана жасалма интеллект – учур талабы» аталышында тегерек стол болуп өттү.

Аталган иш-чарага Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Жумагүл Ураимова жана Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Телекманова, Ош билим берүү институтунун директору, билим берүүнүн облустук координатору Гульмира Турдубаева жана институттун кызматкерлери, ошондой эле  облустун ар кайсы райондорунан келген 27 мугалим катышты.

Тегерек столдогу талкууда жасалма интеллекттин күнгөй-тескейи, анын кайсы кесиптерди алмаштырышы мүмкүн экендиги, кыргыз тили жана адабиятын окутууда кантип колдонуу керектиги боюнча суроолор, ой-пикир, сунуштар ортого салынды. Катышуучулар тегерек столду жыйынтыктап жатып  жасалма интеллектти учур талабына ылайык муктаждыкты чечүүдө ыктуу колдонуу зарыл экенин баса белгилешти.

Эске сала кетсек, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө буйругунун негизинде уюштурулуп өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *