Ош билим берүү институнун демилгеси менен АЧД мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана алдыңкы педагогикалык тажырыйбаны жайылтуу максатта Ош облусунун Алай районундагы №6 Бөдөш Аданбаева атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинде АЧД мугалимдеринин “Карегимде мекен чеги” атуу облустук семинары болуп өттү.
Семинарга Араван, Алай, Ноокат, Каракулжа, Өзгөн, Карасуу, Чоң-Алай райондорунан 40 тан ашык райондук билим берүү өкүлдөрү, секция жетекчилери, АЧД мугалимдери катышты.
Семинардын ачылыш аземинде Алай районундагы Жениш паркында “Ата мекен баатыры” М. Сулаймановду эскерип, эстелигине гул чамбар коюлду.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таиров Болот, иш-чара тажырыйба алмашууга, билим берүү сапатын жогорулатууга маанилүү аянтча экенин баса белгилеп, катышуучуларды куттуктап өттү.
Ош билим берүү институнун координациялык иштер боюнча директордун орун басары, АЧД, дене тарбия курсунун курс жетекчиси Бөрүбаев Абдулла мугалимдерди семинарга активдуу катышууга жана алган билимдерин өз аймактарында жайылтууга чакырды.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Алай районундагы Молдокулов атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин АЧД мугалими Асанов Урустамдын “Эрдик эч качан өчпөйт” атуу сахналаштырылган эскерүү сабагына күбө болушту.
№6 Бөдөш Аданбаева атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесинин АЧД мугалимдери Дүйшөбаев Адандын “Азимуттук багытты аныктоо”, Бөкөнов Өмүрбектин “Азыркы замандагы согуштун өзгөчөлүктөрү”, Калчабаев Насыпбектин “Жүрөктүн иштешинин жана дем алуунун токтоп калуусун аныктоо ыкмалары” темасында ачык сабактарына мугалимдер активдуу катышып, тажырыйба алмашышты.
Жалпысынан аймактардан келген АЧД мугалимдери заманбап окутуу ыкмалары, сабак өтүүнүн натыйжалуу формалары, АЧД мугалимимин ишмердүүлүгүндөгү сабак иштелмелери менен таанышып, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу маселелери боюнча жандуу мастер-класска күбө болушту.
















