Эмоцияны түшүнгөн мугалим — келечекти тарбиялай

Uncategorized

 

Заманбап педагогикада мугалимдин эмоционалдык интеллекти анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн ийгилигин камсыздоочу маанилүү фактор катары каралууда. Эмоционалдык интеллекттин өнүгүшү педагогдун ишине таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат. Ал мугалимдин өз эмоцияларын түшүнүү, башкаруу, окуучулардын абалын сезүү жана алар менен натыйжалуу байланыш түзүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.

«Эмоционалдык интеллект» термини биринчи жолу 1990-жылы америкалык психологдор Питер Сэловей жана Джон Мэйер тарабынан сунушталган. Алар бул түшүнүктү «адамдардын өзүнүн жана башкалардын эмоцияларын таануу, аларды айырмалап билүү жана алынган маалыматты ой жүгүртүүгө жана жүрүм-турумду багыттоого натыйжалуу колдонуу жөндөмү» деп аныкташкан. Эмоционалдык интеллект – бул өз эмоцияларын жана башкалардын сезимдерин түшүнүү, башкаруу жана натыйжалуу баарлашуу жөндөмдүүлүгү. Бул сапат мугалимдин өз ишинде көйгөйлүү жагдайларды чечүүдө, окуучулар менен өз ара түшүнүшүүдө жана ишенимдүү мамиле түзүүдө чоң роль ойнойт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү педагогдун эмпатиясын, сабырдуулугун жана креативдүүлүгүн жогорулатат.

Мамлекеттик билим берүү стандартында аныкталгандай, окуучунун эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүгүн калыптандырууда да мугалимдин эмоционалдык интеллекти өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан, класста ар кандай мүнөздөгү, ар башка үй-бүлөлүк шартта чоңойгон балдар отурат. Айрымдары ачык-айкын, айрымдары тынч, кээ бирлери болсо агрессивдүү же өзүнө ишенбеген болушу мүмкүн. Мындай шартта мугалимдин бир эле предметтик билими жетишсиз.

Эмоционалдык интеллектке ээ мугалим:

  • окуучунун ички абалын сезе билет;
  • конфликтти күчөтпөстөн, жөнгө сала алат;
  • сын-пикирди кемсинтпей, өнүктүрүүчү формада берет;
  • класста коопсуз жана ишенимдүү атмосфера түзөт.

Мындай чөйрөдө окуучу өзүн эркин сезип, ой жүгүртүүгө, суроо берүүгө жана жаңылуудан, ката кетирүүдөн коркпоого үйрөнөт.

Бүгүнкү билим берүү мейкиндигинде мугалимдин ролу өзгөрдү. Мугалим жөн гана сабак өтүп, баа койгон адис эмес. Ал — багыт берүүчү, шыктандыруучу, колдоочу жана эң башкысы — адамдык сезимдерди түшүнгөн инсан. Ушул жерде эмоционалдык интеллект түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ болот.

Мугалимдин эмоциясы — класстын күзгүсү

Мугалимдин маанайы, үнүнүн тону, көз карашы окуучуларга түздөн-түз таасир этет. Сабакка чарчап, кыжырданган абалда кирген мугалим класстын жалпы эмоционалдык фонуна терс таасир тийгизет. Ал эми өз эмоциясын көзөмөлдөй билген, сабырдуу мугалим окуучуларды да тынчтандыра алат.

Эмоционалдык интеллект мугалимге өзүн таанып-билүүгө жардам берет:

  • «Мен азыр эмнеге ачууланып жатам?»
  • «Бул реакциям ушул кырдаалга ылайыктуубу?»
  • «Менин сөзүм окуучунун өзүнө болгон ишенимине доо кетирбейби?»

Мындай суроолор кесиптик өсүүнүн башаты болуп саналат.

Эмоцияны үйрөтпөй, тарбиялоо мүмкүнбү?

Мугалим — окуучу үчүн үлгү. Эгер мугалим эмоциясын маданияттуу билдирсе, башканы уга билсе, ката кетиргенде жоопкерчиликти мойнуна алса — окуучу да ушундай болууга умтулат. Демек, эмоционалдык интеллект тарбиялык процесстин ажырагыс бөлүгү.

Бүгүнкү коомдо академиялык билим менен катар:

  • стресске туруштук берүү,
  • командада иштөө,
  • эмпатия,

жоопкерчилик
сыяктуу сапаттар талап кылынууда. Бул сапаттар дал ошол эмоционалдык интеллект аркылуу калыптанат. Эмоционалдык интеллект — бул адамдын өзүнүн жана башкалардын эмоциясын таанып-билүү, аны туура башкаруу жана социалдык кырдаалдарда акыл-эс менен пайдалана билүү жөндөмү. Мугалим үчүн бул жөндөм кесиптик чеберчиликтин өзөгүн түзөт. Эмоциясын түшүнгөн мугалим гана окуучунун жүрөгүнө жол таба алат. Ал эми жүрөккө жеткен билим — унутулбайт.

Билим берүүдөгү чыныгы ийгилик — формула менен эмес, сезим менен башталат. Ошондуктан бүгүн мугалим өзү менен иштөөнү, эмоциясын таанып-билүүнү жана аны акылмандык менен башкарууну үйрөнүшү керек.

Анткени эмоцияны түшүнгөн мугалим — келечекти тарбиялайт.

Раимбекова Чинара — Инновациялык процесстерди башкаруу жана уюштуруу боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *