Кыргызстан билим берүү системасын жаныртуу максатында 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүүдө.Бул өзгөрүү билимдин сапатын жогорулатуу, окуучунун турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү жана заманбап талаптарга ылайык адистерди даярдоо максатында жүргүзүлүүдө.
Физика сабагы да бул реформанын алкагында мазмундук жана методикалык жактан жаныланууга дуушар болууда., башкача айтканда жаныртылган стандарт менен окутулат. Жаны стандартта окуучунун изилдөөчүлүк жөндөмүн, технологиялык сабаттуулугун жанан функционалдык билимин өнүктүрүүгө багытталган.
Физика предметинин мазмунундагы өзгөрүүлөр:
- компетенттүүлүккө негизделген окутуу – теория эмес түшүнүү, колдонуу жана ой-жүгүртүү алдынкы орунга чыгат. Окуучу жөн гана формулаларды жаттабастан, аларды турмуштук кырдаалдарда кантип колдонушту үйрөнөт.
- Темаларды интеграциялоо – физика сабагындагы кээ бир темалар информатика, биология, математика, технология жана химия сабактары менен тыгыз байланышта берилет. Бул окуучунун илимий дүйнө таанымын кенейтет жана сабактар ортосундагы байланыштарды түшүнүүгө жардам берет.
- Жөнөкөйдөн татаалга өтүү – темалар иреттүү жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн.7-класстан баштап эле жөнөкөй физикалык кубулуштар тажрыйба аркылуу үйрөтүлөт.
- Санарип ресурстарды колдонуу – симуляциялар, видео тажрыйбалар жана интерактивдүү платформалар активдүү колдонулат.
Физика предметинин жаны стандартында төмөндөгүдөй предметтик компетенттүүлүктөр аныкталды:
1.Билимдерди өздөштүрүү жана кубулуштарды илимий негиздөө жөндөмдүүлүгү:
— курчап турган чөйрөнү таанып билүү ыкмаларын базалык деңгээлде аныктайт,
— илимий билимдин пайдубанын түзүүчү негизги фактыларды, теорияларды жана иделарды түшүнүү,
— тиешелүү табигый илимий билимдерди эстеп калуу жана колдонуу,
— элестөнүн ар кандай формаларын колдонуу жана аларды өз ара өзгөртүү,
— тиешелүү илимий божомолдорду жана чечимдерди түзүү жана негиздөө,
— моделдерди аныктоо, куруу жана баалоо,
— материалдык дүйнөдөгү кубулуштардын түшүндүрмө гипотезаларын таануу жана иштеп чыгуу,
— табигый илимий билимдин коом үчүн потенциалдуу маанисин түшүндүрүү,
— түшүндүрүүчү гипотезаларды жасоо жана аларды текшерүү жолдорун сунуштоо,
— табигый илимий проблемалардын келип чыгуу себептерин түшүндүрүү,
— физикалык кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү,
— объектилерди сүрөттөө жана табигый кубулуштарды фактыларга, түшүнүктөргө,
теорияларга жана мыйзамдарга, Заманбап физика жана астрономия идеяларына таянуу.
— түшүндүрүүчү гипотезаларды жасоо жана аларды текшерүү жолдорун сунуштоо;
— предметтерди, процесстерди жана кубулуштарды изилдөөнүн сунушталган жолдорун климий жактан баалоо;
— табигый жана техногендик факторлордун таасири астында курчап турган жаратылыш дүйнөсүнүн өзгөрүшүн билүү жана болжолдоо;
— физикалык илим тарабынан изилдениши мүмкүн болгон суроолорду айырмалоо;
— маселени илимий жактан иликтөөнүн жолдорун сунуштоо.
- Илимий маалыматты колдонуу жана чечмелөө жөндөмдүүлүгү.
— табигый илимдерге байланыштуу маселелер боюнча чечим кабыл алууда мааниге же баалуулукка ээ болушу мүмкүн болгон ар кандай маалымат булактарынын (илимий, социалдык, экономикалык жана этикалык) салыштырмалуу артыкчылыктарын издөө, баалоо жана маалымат берүү.
— күчтүү илимий далилдерге негизделген билдирүүлөрдү, эксперттик жана эксперттик эмес пикирлерди айырмалоо, ошондой эле алардын айырмачылыгынын себептерин көрсөтүү,
— илимге байланыштуу аргументтердин кемчиликтерин сынга алуу, мисалы, туура эмес божомолдор, себеп жана корреляция, туура эмес түшүндүрмөлөр, чектелген маалыматтарга негизделген жалпылоо,
— Заманбап көйгөйлөрдү чечүүгө же туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн илимий аргументтерди колдонуу менен чечимдерди негиздөө,
— илимий суроолорду берүү, колдо болгон илимий билимдерге кайрылуу жана аларды пайдалануу жөндөмүнө ээ болуу, далилденген фактылардын негизинде жыйынтык чыгаруу;
— физика жана астрономиядагы изилдөөнүн негизги өзгөчөлүктөрүн түшүнүү;
— маалыматты издөө үчүн зарыл болгон ачкыч сөздөрдү аныктоо;
— ар кандай булактардан алынган аргументтерди жана далилдерди баалоо;
— коом үчүн билимдин потенциалдуу колдонулушун түшүндүрүү;
— элементардык деңгээлде түшүндүрмө моделдерди таануу, колдонуу жана түзүү;
— турмуштук мүнөздөгү кырдаалдарда негизги физикалык жана астрономиялык билимдерди колдонуу;
— экологиялык көйгөйлөрдү тизмектөө, эмне үчүн аларды чечүү керектигин түшүндүрүү;
— курчап турган дүйнөнү билүү жолдорун базалык деңгээлде аныктоо. Изилдөө,
- Илимий далилдердин жана эксперименталдык жыйынтыгынын негизинде чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.
— курчап турган дүйнөнү жана адамдын иш-аракеттери ага киргизген өзгөрүүлөрдү түшүнүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды талдоо, чечмелөө жана негиздүү тыянак чыгаруу;
— базалык деңгээлде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө далилдерди табуу же тыянактарды ырастоо үчүн зарыл болгон маалыматты (объекттерди, фактыларды, эксперименттик маалыматтарды ж.б..) бөлүп берүү;
— илимий билимдерди алуу методдорунун жол-жоболорунун негиздүүлүгүн жана аларды колдонууну түшүнүү;
— илимий тексттердеги божомолдорду, далилдерди жана ой жүгүртүүнү таануу;
— ар кандай маалымат булактарынан илимий аргументтерди жана далилдерди баалоо:
— маалыматтарды берүүнүн бир формасын башкасына (сөз түрүндө схемалык, чиймелик, таблицалык ж. б. формаларга) өзгөртүүгө;
— тыянактардын негизиндеги божомолдорду, фактыларды, маалыматтарды же далилдерди табуу; — «жашыл көндүмдөрдү» колдонуу, мисалы, жаратылыш ресурстарына жана айлана- чөйрөгө карата жоопкерчилик менен иш алып баруу, туруктуу өнүгүүнүн максаттарын көздөө;
— ар кандай булактардан алынган аргументтерди жана далилдерди илимий жактан баалоо; фактыларды, ар кандай булактардан алынган маалыматтарды жалпылоо жана алардан жыйынтык чыгаруу;
— илимдин жана техниканын жетишкендиктерин коомдо колдонуунун кесепеттерин баалоо;
— илимдин жана технологиянын жетишкендиктеринин курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн азыркы абалына жана андан ары кайра түзүлүшүнө тийгизген таасирин баалоо;
— изилдөөлөрдү жүргүзүүгө: кубулуштарды байкоо жана изилдөө, байкоолордун натыйжаларын сүрөттөө, кубулуштарды моделдөө, өлчөөлөрдү аткаруу, тыянактарды түзүү, байкоолордун, өлчөөлөрдүн, эксперименттердин натыйжаларын талкуулоо;
-физика-техникалык илимдер жана технологиялар материалдык, интеллектуалдык жана маданий чөйрөлөргө кандай таасир этээри жөнүндө маалымдуулукту көрсөтүү;
— жаратылышты жана космосту изилдөөгө байланышкан маселелерди мектепте же жергиликтүү жамааттарда кароодо активдүү жарандык позицияны көрсөтүү- окутуу процессинде электрондук билим берүү ресурстарын (ЭОР) жана санариптик технологияларды пайдалануу (фотосүрөттөр, видеофрагменттер, моделдер, картографиялык материалдар, үн жазуулар жана башка окуу материалдары);
— санариптик технологияларды колдонуу (лекциялар үчүн презентациялар, окутуучу тестирлөө, виртуалдык лабораториялар, электрондук окуу китептери жана башкалар);
-жамааттык-бөлүштүрүлгөн жана жекече изилдөөлөрдү, жеке маалыматтык издөөнү, жазуу жүзүндөгү дискуссияларды жүргүзүү;
— тесттерди аткаруу, тренажерлорду, билимди көзөмөлдөөнүн программалык тутумдарын колдонуу;
— чөйрөнүн коопсуздугун аныктоо, жандуу жана жансыз жаратылыш объекттерин аныктоо үчүн санариптик технологияларды колдонуу.
Жалпысынан алганда 12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул окуучуну ой жүгүртүүгө, чыгармачылык менен маселе чечүүгө жана турмушта колдонмо билимин калыптандырууга багытталган. Физика предмети буга чон салым кошуп, жаш муунду илимге технологияга багыттоочу негизги маанилүү предмет бойдон калууда. Бул процессте мугалимдердин ролу – багыт берүүчү, шыктандыруучу жана жетектөөчү катары өзгөчө маанилүү.
Физика кабинетинин башчысы Дубанаева Тажикан
