2026-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Лира Самыкбаева баштаган министрликтин өкүлдөрү Ош облусундагы билим берүү кызматкерлери менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты
Ага Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана тиешелүү кызматкерлери, окуу-усулдук кабинеттердин жетекчилери, ошондой эле жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору катышты.
Жолугушууда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов сөз сүйлөп, өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгилеп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аймакка келген министрликтин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова «Билим берүүнү трансформациялоо: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу баяндама жасап, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Ал реформаларды ишке ашырууда аймактардагы билим берүү кызматкерлери менен түз баарлашуу маанилүү экенин белгилеп, көйгөйлөрдү биргеликте чечип, жетишкендиктерди чогуу бөлүшүү зарылдыгын айтты.
Ал эми министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билим берүү тармагындагы санариптик платформалар боюнча презентация жасап, акыркы санариптик жаңычылдыктар менен тааныштырды. Атап айтканда, жакында сунушталган «Булак» мобилдик тиркемеси, мугалимдерге мамлекеттик сыйлык берүү процессин санариптештирүү, ошондой эле балдарды 1-класска кабыл алууда киргизилген жаңы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди.
Министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов 12 жылдык билим берүү программасынын мазмунуна, мамлекеттик жана предметтик стандарттарга кенен токтолду.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчалардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, тарбиячылардын эмгек акысы, оптималдаштыруу иштери жана бала бакчаларда балдарды камтуу көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып өттү.
«Мектепке чейинки билим берүү тармагында да чоң иштер аткарылды. Биринчи жолу Кыргызстанда балдардын тамак-ашын уюштуруу боюнча токтом кабыл алынды. Типтүү устав, мамлекеттик стандарт жана өнүгүү программасы иштелип чыкты. Бала бакчаларга тиешелүү негизги нормативдик документтер даярдалды», — деди ал.
Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү боюнча алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында билим берүү сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү маселелерине токтолду. Ал эми «Окуу китеби» басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Жыйын суроо-жооп форматында уланып, билим берүү кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго кеңири жооптор берилди.




