ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН ОБЛУСТУК БАСКЫЧЫ ӨТӨТ

Uncategorized

Эртең (13-март) Оштогу облустук Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын мектеп-лицейинин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын III (облустук) баскычы өтөт. Бул баскычка облус боюнча буга чейинки II (райондук) баскычта алдыга чыккан жалпы 279 окуучу катышып, алар төмөнкү багыттар боюнча ат салышат:

  • Кыргыз тили
  • жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
  • Кыргыз тили жана адабияты (окутуу орус/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
  • Орус тили жана адабияты (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
  • Орус тили жана адабияты (окутуу кыргыз/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн);
  • Англис тили (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
  • Англис тили (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
  • Тарых;
  • География;
  • Математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
  • Математика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
  • Физика (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
  • Физика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
  • Биология (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
  • Биология (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
  • Химия (базалык негизде окутулган класстар үчүн);
  • Химия (тереңдетилип окутулган класстар үчүн);
  • Информатика.

Олимпиаданын салтанаттуу ачылышы 9:00дө болуп, ага Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Эки күнгө созулган олимпиаданын облустук баскычы 14-мартта жыйынтыкталып, алдыңкыларды сыйлоо аземи уюштурулат. Ал эми 17 багыт боюнча жалпы 34 окуучу олимпиаданын IV (республикалык) баскычына катышып, облусубуздун намысын коргомокчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *