Uncategorized

Урматтуу, Ош облусунун билим берүү тармагында эмгектенген эжекелер, асылзат айымдар, ажарлуу апалар, мээримдүү эже- сиңдилер!

Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март- Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тиреги, жашообуздун мазмунусуздар!

Аялзаттын мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп , жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып, жашоого болгон сүйүүбүздү, кызыгуубузду арттырып турат.
Аялзат- коомдун агартуучусу, үйдүн куту, балдардын эң биринчи жана негизги тарбиячысы!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, амандык жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!
Дайыма сулуулуктун символу, аруулуктун эталону болуп жүрө бериңиздер!

 

Ош билим беруу институтунун директору, облустук билим берүүнүн координатору Турдубаева Гульмира Мамаевна

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *