Усулдук сунуш. Рефлексия деген эмне?

Uncategorized

 

Рефлексия деген эмне?

 

Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартында рефлексия — сабактын милдеттүү бөлүгү. Ал окуучунун мета-когнитивдик жөндөмдүүлүгүн (өзүнүн ой жүгүртүүсүн башкаруу) өнүктүрөт жана мугалимге сабактын натыйжалуулугун түшүнүүгө жардам берет.

Сабакта кандай колдонобуз.

Рефлексия (латын тилинен reflexio — кайра кайтуу, артка кайтуу) — бул адамдын өз иш-аракети, ойлору, сезимдери жана алган натыйжалары жөнүндө атайын ой жүгүртүүсү. Сабакта рефлексия — окуучунун өзү эмне үйрөндү, кандай кыйынчылык болду, эмне жакшы иштеди, эмне өзгөртүү керек деген суроолорго жооп издеп, өзүн-өзү талдоосу.

Сабак учурунда рефлексия кандай болуш керек?

Натыйжалуу рефлексия төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ:

  • Кыска — 2–5 мүнөт (45 мүнөттүк сабакта узакка созулбайт)
  • Ар түрдүү — ар бир сабакта бир эле ыкма кайталанбайт (окуучулар тажабайт)
  • Активдүү — бардык окуучу катышат (жөн гана “жакшы болду” деп айтуу жетишсиз)
  • Чын жүрөктөн — мугалим сынга каршы чыкпайт, тескерисинче колдойт
  • Максаттуу — сабактын максатына байланыштуу (билим, көндүм, эмоция)
  • Кийинки кадамга багытталган — “кийинки жолу эмне өзгөртөм?” деген суроо бар

Сабакта рефлексиянын негизги түрлөрү жана конкреттүү мисалдары

 

Рефлексиянын түрү Мисал (сабактын аягында мугалим айтат) Эмне үчүн жакшы иштейт? Канча убакыт Класстарга ылайык
1 “Быйтыкча” же “Эмоциялык быйтыкча” “Бүгүнкү сабак сага кандай сезим калтырды? быйтыкчаны танда жана жабыштыр: 😊 / 😐 / 😔” (доскага же дептерге) Балдар сөз менен түшүндүрбөй эле эмоциясын көрсөтөт 1–2 мүнөт 1–4-класстар
2 “Бир сөз менен” “Бүгүнкү сабактан бир сөз менен айтканда эмне алдыңар? Катарынан айтып чыгыңар.” (мис: “кызыктуу”, “татаал”, “пайдалуу”) Баары тез айтып чыгат, мугалим жалпы маанайды көрөт 1–2 мүнөт 5–9-класстар
3 “Плюс – Минус – Кызыктуу” (ПМК) “Плюс” — жакшы болгону, “Минус” — жакшыртса болору, “Кызыктуу” — күтпөгөн нерсе. Стикерге жазып тагылат. Объективдүү талдоо, мугалимге өзгөртүү керектигин көрсөтөт 3–4 мүнөт 5–11-класстар
4 “Мен билдим… Мен түшүндүм… Мен үйрөндүм…” Дептерге же Padlet’ке жаз:

Бүгүн мен билдим…

Мен түшүндүм…

Мен үйрөндүм… (3 сүйлөм)

Жеке рефлексияны өнүктүрөт 2–3 мүнөт 3–8-класстар
5 “Суроо – Жооп – Суроо” “Эмне түшүндүң? Эмне түшүнбөдүң? Кийинки жолу кандай суроо берет элең?” Сынчыл ой жүгүртүүнү күчөтөт 3 мүнөт 7–11-класстар
6 “Тепкич” (баскыч) Тепкич  тартып, ылдыйдан өйдө жаз:

1. Эмне билчүмүн?

2. Эмне жаңы үйрөндүм? 3. Эмне кыйын болду?

4. Эмне үчүн керек?

Иерархиялык ой жүгүртүүнү үйрөтөт 2–3 мүнөт 4–9-класстар
7 “Максат – Жетишкендик” Сабактын башында жазылган максатты эске салып: “Максатка канчалык жеттик? 1ден 10го чейин баала” Максаттуулукту бекемдейт 2 мүнөт Бардык класстар
8 “Түстүү кагаз” же “Түстүү стикер” Жашыл — баары түшүнүктүү, Сары — бир аз түшүнбөдүм, Кызыл — таптакыр түшүнбөдүм (жабыштыр) Визуалдуу жана тез 2 мүнөт 1–11-класстар

    

Конкреттүү сабактын мисалында карап көрөлү. 7-класстын кыргыз тили сабагындагы “Сөздөрдүн көп маанилүүлүгү” темасын жыйынтыктап жатып, мугалим “Бүгүн биз сөздөрдүн көп маанилүүлүгү жөнүндө талкууладык. Эми 2 мүнөт аралыгында рефлексия жасайлы. Padlet’ке же дептерге төмөндөгү суроолорго  өз алдынча жооп жазгыла:

  1. Бүгүн эң пайдалуу нерсе эмне болду?
  2. Кайсы жери кыйын болду?
  3. Кийинки сабакта эмнени тереңирээк үйрөнгүң келет?”

2–3 окуучу окуп берет же экранда көрсөтүлөт бул ишти аткарууга 4 мүнөт убакыт сарпталат.

Мына ушундай жөнөкөй, бирок системалуу рефлексия окуучуну “мен эмне үйрөндүм, кантип үйрөндүм, эмне үчүн кыйын болду” деп ойлонго жана  ал билимди өзү башкара баштайт. Мугалимдин көзөмөлүсүз деле окуй алат.  Бул жөндөм мектептен кийинки жашоодо (ЖОЖ, жумуш, онлайн-курстар) абдан керек. Адам өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын билсе, тезирээк өнүгөт.

 

Ниязова Жаңылай – ОшБИнин инновация кабинетинин башчысы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *