Башталгыч класстарда үйрөтүүчү жат жазуунун түрлөрүн алуунун ыкмалары

Uncategorized

 

Сабаттуулук, анын нормалдуу маданияты өнүккөн коомдогу ар бир инсан үчүн өтө маанилүү.Ансыз адам өз оюн адабий тилдин жазма формасы аркылуу жеткиликтүү бере албайт, башка бирөөнүн жазма кебин да түзүк түшүнүүгө жетише албайт.

Жалпы билимдин пайдубалы башталгыч класстардан түптөлгөн сыяктуу орфографиялык сабаттуулуктун негизи да кенже класстарда түзүлө баштайт.Ал түгүл сабат ачуу мезгилинде эле сөздөрдүн тамгаларын алмаштырбай кайталабай жазууга үйрөнөт. Созулма үндүүлөрдү туура жазууга жетишет. Мындай туура жазуунун билгичтик көлөмү улам кийинки класстарда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык кыргыз тили сабагындагы  тилдик материалдар менен тыгыз байланышта артып отурат.              Эне тилдин орфографиялык эрежелерин окуучуларга үйрөтүүдө мектеп программасында  ар түрдүү орфографиялык көнүгүүлөр жүргүзүлөт. Алардын бири жат жазуу. Ал өткөрүү максатына карай үйрөтүүчү жана текшерүүчү жат жазуулар болуп экиге бөлүнөт. Үйрөтүүчү жат жазуулар сөздөрдүн туура жазылыштарын окуучулардын аң сезимине сиңирүү, автоматташкан көндүмгө айландыруу милдетин аркалайт.Ал эми текшерүүчү жат жазууда орфографиялык эрежелерди окуучулардын өздөштүрүү деңгээли аныкталат.

Үйрөтүүчү жат жазуулар текшерүүчү жат жазууга чейин жаздырылат. Үйрөтүүчү жат жазуунун бир нече түрлөрү бар. Тилекке каршы, учурда башталгыч класстардын мугалимдери үйрөтүүчү жат жазууларга көңүл бөлүшпөстөн, окуучулардан текшерүүчү жат жазууну алуу менен гана чектелишет. Эгерде мугалим балдарга үйрөтүүчү жат жазуунун түрлөрүн убагында жаздырып турса, окуучулар ката кетирбөөгө, сөздөрдү туура жазууга үйрөнүшөт жана алардын орфографиялык сабаттуулугу артат, ошондой эле изложение, сочинение жазууга да багыт алат.

Ошондуктан мен, башталгыч класстын мугалимдерине окуучуларга үйрөтүүчү жат жазуунун түрлөрүн жаздырууну сунуштайт элем.

Анда алардын ар биринин мунөздүү өзгөчөлүктөрүнө кыскача  токтолуп өтөйүн.

Түшүндүрмө жат жазуу. Бул жат жазууда туура жазылышына көңүл бурулуучу орфограммалардын эрежелери алдын ала эскертилбейт, даярдык да көрүлбөйт. Сүйлөм же текст жазылып бүтөөр замат, керектүү сөздөрдүн жазылыш эрежелери мугалимдин жетекчилигинде түшүндүрүлүп, ката жазылгандары оңдолот. Каталарды түшүндүрүп түзөтүү көбүнчө бир же эки, үч сүйлөм жазылгандан соң жүргүзүлөт. Кетирилген каталар окуучулардан суралып, оозеки түрдө же доскага жаздырылып талданат. Эгер окуучулардын күчү жетпей калса, мугалим өзү түшүндүрүп, өтүлгөн эрежени эстетет.

Бул жат жазуу бир нече темаларга байланыштуу орфографиялык эрежелерди окуучулар канчалык деңгээлде өздөштүрүшкөнүн аныктоо максатында өткөрүлөт.

Жат жазуунун бул түрү негизинен 2-класстан баштап жаздырыла баштайт. Өзгөчөлүгү, окуучулардын өз алдынча ой жугүртүүгө, орфограммаларды түшүнүп өздөштүрүп, аларды жазууда эркин колдонууга үйрөтөт.

Эскертүү жат жазуу. Өтүлгөн орфографиялык эрежелер улам кайталанып,  мугалим тарабынан эскертилип түшүндүрүлүп турат. Бул айрыкча кенже класс окуучулар үчүн өтө маанилүү. Аны жаздырардын алдында тексттеги кыйынчылык туудура турган эрежелер эске салынып, сөздөрдүн кандай жазылары, тыныш белгилердин кандай коюлары кеңири түшүндүрүлөт. 1-2- класстарда эскертилүүчү орфограммалар көбүнчө доскага жазылып көрсөтүлсө, 3-4-класстарда оозеки жазуу түрундө түшүндүрүлө берет. Ушундай даярдоо иштери жүзөгө ашырылгандан кийин гана жазууга киришет.

Жат жазуунун бул түрү окуучуларды жазууда ката кетирүүдөн сактайт жана ага адат алдырат.

Көрүү жат жазуу.   Жат жазуунун бул түрүндө текст доскага же чоң кагазга жазылып, алдын-ала даярдалат.Жаздырардан мурда ал окулуп, зарыл деген сөздөр , орфограммалар тушүндүрүлөт. Андан соң тексттин бети көшөгө менен жабылып, мугалимдин окуусу боюнча жазышат. Жазылып бүткөндөн  кийин кайрадан текст көрсөтүлүп, ага карап кетирилген каталар оңдолот.

Көрүү жат жазуусу башталгыч класстардын бардыгында жаздырылат. 3-4-класстарда текстти доскага же кагазга жазбай эле, тексттерден тандап алып, окутуп, темага тиешелүү эрежелер түшүндүрүлгөн соң, китепти жаап коюп, жаздырса болот. Кийин китепке салыштырып, өз каталарын оңдошот. Бул жат жазуунун максаты — окуучулар көргөн сөздөрдү канчалык эсинде сактап, туура жазганын байкоо жана көрүү кабыл алуусун өстүрүү, өнүктүрүү.

Тандама жат жазуу. Белгилүү бир тема өтүлгөндөн кийин, аны бышыктоо же кандай өздөштүрүлгөнүн  аныктоо максатында тандама жат жазуу өткөрүлөт. Зарылдыгына жараша мурда өтүлгөн материалдарга байланыштуу да жаздырылышы ыктымал. Мында мугалим коюлган милдетке шайкеш текстти тандайт. Окуп берилүүчү текстти толук жазбастан, андан кайсы орфограммага мүнөздүү сөздөрдү, сөз айкалыштарын тандап алып жазуу керектиги  окуучуларга түшүндүрүлөт.

Мугалим шашпай текстти бир нече кайталап окуп берет. Тандалып жазылган сөздөрдү окуучулар кезектешип окушат жана кетирилген каталар жалпы талкууланат.

Тандама жат жазууну сабактын бегилүү бир этабында 10-15 мүнөт  жаздырган оң. Жат жазуунун бул түрүн башталгыч класстардын бардыгында жүргүзсө болот.

Чыгармачылык жат жазуу. Бул жат жазуу окуучулардын ар түрдүү изденүүлөрүнө негизделгендиктен чыгармачылык жат жазуу деп аталат.

Мугалим тигил же бул фонетикалык-орфографиялык же грамматикалык орфографиялык темага байланыштуу окуучуларга сөз ойлоп табуу, берилген сөздөрдү кошуп сүйлөм түзүү, сүйлөмдөрдү толуктап жазуу, сүйлөмдөрдөн аңгеме жазуу, берилген аңгемеге (текстке) ар түрдүү сөздөрдү кошуу менен анын көлөмүн кеңейтүү сыяктуу тапшырмаларды берет. Окуучулардын өз чыгармачылык менен жазган тексттери окулуп, орфограммалар, лексико-грамматикалык толуктоолор жалпы талкууга алынат.

Ошондой эле, грамматикалык формаларды, мисалы, чактарды, жактарды өзгөртүп жазуу менен да чыгармачылык жат жазуу жүргүзүлөт .

Курактык айырмачылыктарга карай чыгармачылык мүнөздөгү тапшырмалар ар түрдүү болот. Алсак, сөз ойлоп табуу 1-класста эле жүргүзүлсө, сүйлөмдөн аңгеме түзүү 3-класстан башталат, 2-класста даярдоо мүнөзүндөгү элементтери жүргүзүлөт.

Жат жазуунун бул түрүн өткөрүү менен окуучуларды изложение жана сочинение жазууга даярдоого болот.

Эркин жат жазуу. Эркин жат жазууда чыгармачылык жат жазуу сыңары изденүү, чыгармачылык элементтер бар. Изложениеге таандык белгилер көбүрөөк, аны изложениеге жазууга даярдап баруучу жазма иштин түрү катары мүнөздөгө болот. Бирок окуп жаздыруу жагы  жана окуучулардын орфографиялык билимин бышыктоо, аныктоо максаттары боюнча жат жазуулардын системасына кирет.

Эркин жат жазуу төмөндөгүдөй ыкма менен өткөрүлөт. Тийиштүү орфограммаларды камтыган байланыштуу текст тандалат. Мугалим аны баштан аяк окуп берет, суроо-жооп аркылуу мазмунун окуучуларга айттырат, бөлүмдөргө бөлдүрөт. Анан 2-3 сүйлөмдөрдөн турган бөлүктөрүн туташ окуп берет. Окуучулар эсте калгандарын жазышат. Калган бөлүмдөрүн жаздыруу да ушундай тартипте жүрөт. Жазылып бүткөндөн кийин сабакта окулуп, каталар оңдолот, талданат.

Эркин жат жазууга даярдоо элементтери 1-класста эле жүргүзүлөт, бирок 2-класстан баштап өткөрүлөт.

Сөздүк жат жазуу.  Бул жат жазуу окуучулардын сабаттуулугун арттырууда өзгөчө мааниге ээ болгон үйрөтүүчү жат жазуу. Мында өтүлгөн темаларга байланыштуу орфограммаларды камтыган терме сөздөрдөн жат жазуунун текстти түзүлөт. Сабактын ар түрдүү этаптарында беш-алты мүнөт ичинде ал сөздөр жаздырылат жана сөздүктөр же же алдын ала чоң кагазга жазып даярдалган текст аркылуу салыштырылып текшерилет.

Сөздүк жат жазуунун көлөмү 1-класста 4-5 сөз, 2-класста 6-10 сөз, 3-класста 10-12 сөз, 4-класста 12-15 сөз болууга тийиш.

Жат жазуунун бул түрүнө убакыт аз сарпталгандыктан, аны кыргыз тили сабагында тез-тез өткөрүп турса болот.

 

Жыйынтыктап айтканда, жат жазуунун түрлөрү окуучулардын билимдерин текшерүүнүн эң негизги иш-аракеттеринен болуп саналат. Эгерде сөздүк, чыгармачылык, үйрөтүүчү, көрүү, ж.б. жат жазуулары атайын пландаштырылып, максаттуу жана ырааттуу жүргүзүлсө, окуучулардын сабаттуулугу артып, өтүлгөн темалар боюнча билим, билгичтиктер, көндүмдөрүнүн калыптануусуна өбөлгө түзүлөт. Ошондой эле окуучулардын сабаттуу жазуусу менен бирге, эске тутуу жөндөмдүүлүгү да калыптанат.

 

И. Гаипова  — ОшБИнин башталгыч класстар каанасынын усулчусу                                                      

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *