21-февраль — Эл аралык эне тили күнү

Uncategorized

21-февраль — Эл аралык эне тили күнү менен!
Бүгүн Ош билим берүү институтунда кыргыз тили жана адабияты курсунун угуучуларынын демилгеси менен өзгөчө маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада кыргыз, өзбек жана орус элдеринин тили, салты жана маданияты ыр-күү, көркөм окуу жана бийлер менен даңазаланды.
Ар улуттун тили — анын байлыгы, тарыхы жана руханий дүйнөсү экенин дагы бир жолу далилдеген бул иш-чара көрүүчүлөргө жылуу маанай, жакшы таасир тартуулады.
Эне тилди урматтоо, сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Жыйынтыгында институттун инновация боюнча директорунун орун басары Ч. Раимбекова куттуктоо сөз сүйлөп, эне тилди сактап, кийинки муунга улантуучулар — тилчилер экенин өзгөчө баса белгиледи. Анын таасирдүү сөзү иш-чаранын мазмунун дагы да тереңдетип, катышуучуларга чоң дем-күч берди.
Эне тилибиз өнүгүп, ар дайым урматталып турсун!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *