Өзгөн районундагы К. Рысбаев атындагы орто мектебинде облустук семинар

Uncategorized

2025- жылдын 16-декабры күнү Ош билим берүү институтунун иш планынын негизинде башталгыч класстар кабинети тарабынан Өзгөн районунун К.Рысбаев атындагы орто мектебинде «Окуучулардын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүдө «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясынын ролу» аттуу облустук семинар уюштурулду.

Максаты: тажрыйба алмашуу жана алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу.

Мугалимдер математика сабагында «Түшүндүрүү жана негиздөө стратегиясынын кадамдарын туура пайдалангандыктары өзгөчө мааниге ээ болду. Окуучулар мисал, маселелерди иштөө менен гана чектелбестен, аны түрдүү жолдор менен чыгарышып, түшүндүрүп жана негиздеп беришти. Сабактар талкуу менен кызыктуу өтүлдү.

Мындан сырткары «Балдар үчүн коопсуз табигый самынды жасоо», «Өз колум менен убакытты жаратам» деген мастер класстар, «Фин-чилистен» класстан тышкаркы иш чара көрсөтүштү.

Семинар өз деңгээлинде уюштурулуп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашууга шарт түздү.

Семинардын аягында, ОшБИнин директорунун орун басары Ч.Раимбекова, усулчу И.Гаипова К. Рысбаев атындагы орто мектебинин  жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Жыйынтыгында, семинарга салым кошкон мугалимдер «Кароол» айыл өкмөтүнүн, райБББнын, ОшБИнин Грамоталары менен сыйланышты жана мектеп жамаатына ОшБИнин ыраазычылык каты берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *