С.Ашимов атындагы орто мектебинде облустук семинар

Uncategorized

2025-жылдын 18-декабрь күнү Ош билим берүү институтунун иш-планына ылайык  көркөм өнөр кабинети тарабынан Алай районуна караштуу С. Ашимов атындагы орто мектебинин базасында “Улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын бир бөлүгү” аттуу облустук семинар болуп өттү. Семинардын максаты: өсүп келе жаткан жаш муундарды өз элинин тарыхын, тилин, маданиятын, урп- адаттарын билип, түшүнүп, барктап өз турмушунда колдоно билүүгө тарбиялоо болуп саналат. Ушул максатты ишке ашырууда С.Ашимов орто мектебинин технология мугалими Н. Арапбаева көргөзмөлөрү жана мастер – класс аркылуу далилдеди. Г.Зупуева технология предмети боюнча, Мамасадык кызы Гүлдана көркөм өнөр предмети боюнча сабактарды өтүп, семинарга келген мугалимдердин алкоосуна татышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *