2025-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы “Найман” орто мектебинде башталгыч орус класстын мугалими Э. Аширбаеванын иш тажрыйбасын жайылтуу максатында “ Роль учителя начальных классов в формировании базовых учебных навыков по математике и русскому языку” аттуу облустук семинар өткөрүлдү. Семинарда орус тили, математика жана музыка сабагынан ачык сабактар, кластан тышкары иш чаралар көрсөтүлдү. Семинарга жалпысынан Ош облусунун мектептеринен 89 мугалим катышты.

