Усулдук сунуш.   БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ БАЛДАР КИТЕБИН ПАЙДАЛАНУУНУН МААНИСИ

Uncategorized

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ БАЛДАР КИТЕБИН ПАЙДАЛАНУУНУН МААНИСИ

Балдар китеби-инсандын, билим берүүнүн, билимди жайылтуунун өнүгүүсүнүн маанилүү каражаттарынын бири. Балдар китеби балдардын кабыл алуусун, ой жүгүртүүсүн, дүйнөнү сезүүсүнун өзгөчөлүктөрун эске алуусуна чакырат. Балдар китеби окууну гана эмес, аны менен бирге баарлашуунун дагы башка көп жактарын сунуштайт, сүрөттөрүн карап чыгуу, окуп — үйрөнүү, оюндардын бардык түрлөрү, боё, кол өнөрчүлүк, иллюстрация жасоо, чыгарманын темалары боюнча ар кандай импровизациялар ж.б.

Балдар китеби билимдин көөнөрбөс булагы болуп эсептелет, анын жардамы менен балдар дүйнөнүн татаал түзүлүшү жана адамдык өз ара мамилелердин жаратылышы менен таанышып, айлана – чөйрөнү таанып- билип жана ар тараптуу өнүгүшөт. Бүгүнкү күндө китеп индустриясында жаңы теңденциялар пайда болуп, маалыматтарды беруунун максаты, мүнөзү жана ыкмасы боюнча ар кандай китептер түзүлүп жатат. Мисалы, иллюстрцияланган китептер балдардын визуалдык сабаттуулугун калыптандырууга өбөлгө түзөт; виммельбухтардын жардамы менен сөз байлыгы кеңейет; “деңгээлдүү”китептер баскычтар боюнча шар окууга, окуганды түшүнүүгө, ал эми комикстер жана манга — элестетуу жана тез ойлонууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, балдар китептеринде экология, маданий көп тилдүүлүк, гендердик тең салмактуулук, эски социалдык ролдор, башка адамдардын айырмачылыктарын, инсандыгын кабыл алуу  ж.б. Балдар китебинин ар түрдүүлүгүн, жанрларын, формаларын, түрлөрүн жана темаларын эске алуу менен, мугалимдер, ата-энелер жана китепканачылар муну окуганга үйрөтүү үчүн ресурс катары гана эмес, башталгыч мектептин ар түрдүү предметтерин окуп- үйрөнүүдө дагы кеңири пайдаланышы керек.

Башталгыч мектепке кирүү менен,балдар өз алдынча окуганга үйрөнүшөт,өз алдынча окуу көндүмдөрүн өздөштүрүшөт,ал эми ушул максатта иштелип чыккан окуу китептерин атайын предмет катары окушат. Бирок окуу — бул мектеп программасынын жөн гана предметтик мазмуну эмес, балага фундаменталдык көндүм, жакшы окуган окуучу өзү окуп-үйрөнгон нерсени кабыл алууга даяр, бардык окуган маалыматты аралаштырып, талдай алат, б.а. натыйжалуу окурман боло баштайт.Ошондуктан ар кандай мектеп предметтерин үйрөтүүдө окуу көндүмдөрүнө максималдуу басым жасалышы керек. Окуу кайсы предмет жана кайсы класстарда окутулганына карабастан, ишмердүүлүктүн жогорку  натыйжалуу түрүнө айланышы керек.

Окуу — бул фундаменталдык көндүм, анын жардамы менен окуучулар жаңы маалыматтарды өздөштүрүшөт жана керектүү билимдерге ээ болушат. Бирок башталгыч мектепте окутуу адабий окуу сабактарында окуу көндүмүн өнүктүрүүгө гана негизделбеши керек.Бир эле учурда натыйжалуу окурманды өнүктүрүү жана ар кандай предметтерди окуп-үйрөнүү үчүн ар кандай сапаттуу балдар адабияттарын жана окуучулар тарабынан бпштплгыч мектептеги бардык предметтерин окуп үйрөнүүсүн интеграциялоо керек.Бул билим берүү прцессин жекелештирүүгө, дифференцияланган окутууну киргизүүгө, окуучулардын негизги окуу көндүмдөрүн натыйжалуу өнүктүрүүгө, окуучуларды окуу процессине тартууга, башталгыч мектепте көп тармактуу мамилени күчөтүүгө, терең ой жүгүрткөн, эмоционалдык акылдуу, ар тараптуу өнүккөн жана чыгармачыл инсандарды калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө балдар китептери кенен тематикалык ар түрдүүлүктө жана маалыматтарды берүү форматтарында сунушталган.Балдар китебинин арасында өзгөчө орунду иллюстрацияланган китептер же “ сүрөттөрү менен китептер” ээлейт.

Балдар китебиндеги иллюстрациялар кичинекей окурманды чыгармада чагылдырган доорго өткөрүүгө мүмкүндүк берет; көркөм образдардын негизинде жаткан түшүнүктөрдүн реалдуулугун жана эмоционалдуулугун камсыз кылат; жана баланы алдыдагы аракеттерге багыттайт.

Башталгыч класстар кабинетинин башчысы  Махмудова С.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *