Бүгүн Ошто облустагы билим берүү кызматкерлеринин «Билим шамы – мугалим» аттуу кесиптик майрамы белгиленди. Аталган иш-чара Ош билим берүү институтунун демилгеси, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Билим берүү кызматкерлеринин Ош облусу боюнча кесиптик кошуунунун колдоосу менен өттү.
Майрамдык салтанаттын ачылышында Президенттин Ош облусу облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, облустун билим берүү тармагындагы жетишкендиктерине токтолду. Ага улай Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Пиримкулов, Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева, Билим берүү кызматкерлеринин Ош облусу боюнча кесиптик кошуунунун төрагасы Сабыр Тойгонбаев катышуучуларды куттуктап, «Жылдын мыкты мугалими – 2024», «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024» «Жылдын мыкты мектеби – 2024» сынактарындагы байгелүү орундардын ээлерине Ардак грамоталарды тапшырышып, акчалай сыйлыктарды беришти.
Облустун жети район, бир шаарынан келген билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөн кесиптик майрам Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын артисттеринин аткаруусундагы музыкалык номерлерлер менен коштолду.