ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТОО

Uncategorized

Урматтуу “Жылдын мыкты мугалими”, ошондой эле “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын республикалык баскычында “Мыкты тарых мугалими” номинациясы боюна 1-орунду алган Заидов Азирет Манасович, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим аталган Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна, ошондой эле “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча алдыңкы орунду ээлеген Абдималикова Акылзат Абдималиковна жана жалпы эле облусубуздун атынан катышкан конкурсанттарыбыз!

Сиздерди аталган сынакта жетишкен мыкты жыйынтыктарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердин эмгегиңиздер, күч-кубаттарыңыз жана өз ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздер бардык кесиптештерибиз үчүн үлгү.

Сиздердин билим берүү тармагындагы жетишкендиктериңиздер – бул келечектеги муундардын өнүгүүсүнө салым кошуп, биздин коомду жаркын келечекке жетелөөдө. Жумушуңуздарда дайыма ийгилик, шыктануу жана чыгармачылык каалайбыз.

Урматтоо менен,

Ош билим берүү институтунун директору, билим берүүнүн облустук координатору Гульмира Турдубаева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *