Урматтуу агартуу майданында эмгектенип келе жаткан мугалимдер, улуу устаттар!
Караңгыга шам жагып, жаркын келечек ээлерине терең билим, татыктуу тарбия берүүдөн талбай эмгектенип келесиздер. Заман талабына жараша өсүп-өнүгүүгө бел байлап, изденүү менен чыгармачылыкты гана максат кылган сиздерге алкышыбыз чексиз. “Мугалим мөмөлүү дарак”,- деген накыл кеп бекеринен айтылбаган чыгар. Сиздердин берген билимиңиздердин аркасында уул-кыздарыбыз дүйнөнүн төрт бурчунда билимин өркүндөтүп, эмгектенип келе жатат.
Мугалим – коомдун кыймылдаткыч күчү эмеспи. Билим берүүсүз эртеңки келечекти түптөө мүмкүн эмес. Биздин эртеңки келечек сиздердин эмгегиңиздерге, чыгармачылык изденүүңуздөргө көз каранды. Мына ушундай ары татаал, ары түйшүктүү кесип ээлери сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер мотурайган жаш муундун эртеңи, келечеги. Ар дайым чың ден соолукта болуп, баскан кадамыңыздарга гүл оролуп, чыныгы мугалимдин күрмөсүн кийген мыкты устат болушуңуздарга тилектешмин.
Мугалим – жалпы журттун аткан таңы,
Максаттуу жүрүп турган жүрөк каны.
Мурасы чынар терек, мөмөсү мол
Миң түркүн өмүрлөрдүн күйгөн шамы.
Келе жаткан кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтап,
Ош билим берүү институтунун директору, билим берүүнүн облустук координатору Гульмира Турдубаева