Урматтуу билим берүү тармагында эмгектенген кесиптештерим!
Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Билим берүү – бул коомдун негизги пайдубалы, келечектин кең жолун ачкан жарык чырак. Сиздердин күнүмдүк түйшүгүңүздөр, өз ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздер жана ар бир балага, жаштарга туура багыт берүү максатындагы аракеттериңиздер чексиз алкоого татыктуу.
Өткөн жылдары жетишкен ийгиликтерибизди жана топтогон тажрыйбаларыбыз
ды эске алуу менен, кирип келген жаңы жылыбызда билим берүү тармагында болуп жаткан реформаларды татыктуу ишке ашыруу жылы болоруна ишенем. 2025-жылы да ар бир мектепте
окуучулардын билимдин сапатын көтөрүп, келечек муундарга мыкты шарттарды түзүүгө умтулабыз. Бул жолдо сиздер менен бирге ийгиликтерди жаратуу – зор сыймык.
Сиздерге жаңы жылда чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, билим берүүдөгү ийгиликтериңиздер көп болуп, эмгегиңиздердин үзүрүн ар бир окуучунун жетишкендигинен көрө бериңиздер.
Жаңы жылыңыздар кут болсун!
Терең урматтоо менен,
Турдубаева Гульмира
Ош билим берүү институтунун директору, облустук билим берүүнүн координатору