ОШТУН МУГАЛИМДЕРИ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮДӨ

Uncategorized

Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү жараянын уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди. Бул тууралуу аталган институттун директору Гульмира Турдубаева билдирди. Анын айтымында квалификациясын жогорулатуу максатында курска келген мугалимдер жасалма интеллекттин бүгүнкү күндө билим берүү тармагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жаткандыгын түшүнүп, аталган лекция чоң кызыгууну жараткан.

Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратов “Курс учурунда мугалимдер жасалма интеллекттин билим берүү жараянына тийгизген таасирин, анын сабакты уюштуруудагы мүмкүнчүлүктөрүн жана инновациялык ыкмаларын талкуулашат. Бул технологияны билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат. Ошондой эле, сабактын мазмунун жакшыртуу, окутууну жекелештирүү жана окуучулардын кызыгуусун арттырууда жасалма интеллектти кантип колдонсо болору боюнча суроолорго жооп алышат” дейт.

Бул айдагы курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Тажибай кызынын айтуусунда бул лекция практикалык сабактар менен улантылып, анын жүрүшүндө мугалимдер өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды ийгиликтүү интеграциялоонун жолдорун изилдеп, заманбап мугалимдин компетенцияларын кеңейтүү боюнча да баалуу тажрыйба алышкан. Ал курс аяктаган соң нейросеттер боюнча үйрөнгөндөрүн өзү иштеген мектебиндеги кесиптештерге бөлүшүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

#Жасалма_интеллект

#OshBilim

#AI

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *