Социалдык педагогдордун кызматтык милдеттери боюнча усулдук сунуш.

Uncategorized

2025-2026-окуу жылындагы мугалимдердин январь секциялык ишине социалдык педагогдордун кызматтык милдеттери боюнча усулдук сунуш.

 

  • Жалпы билим беүүчү мектептерде социалдык педагог бала менен үй бүлөнүн, социалдык чөйрөнүн, социалдык кызматтардын, ведомстволордун, укук коргоочу жана административдик органдардын ортосунда арачы катары иш жүргүзүп, турмуш тиричиликтин орчундуу маселелерин чечүүдө балдардын кызыкчылыктарын коргойт;
  • Социологиялык сурам жүргүзүп, балдардын жашоо-шартын аныктап, иликтейт;
  • Окуучулардын инсанынын психологиялык,-медико-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн, анын микрочөйрөсүн жана жашоо шартын  иликтейт.
  • Балдар менен ата-энелердин мамилесин жакшырышына көмөктөшөт, микроклиматы бейжай үй-бүлөлөрдөгү балдардын коммуникативдик билгичтиктеринин өсүшүнө өбөлгө түзөт;
  • Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга, өз милдеттерине аң-сезимдүү мамилесин калыптандырууга, балдардын ата-энелери менен баарлашууда пайда болгон көйгөйлөрүн  чечүүгө  да  көмөктөшөт;
  • Балдарды социалдык коргоо, колдоо, алардын өмүрү менен ден-соолугун сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
  • Камкордукка жана  асыроого муктаж болгон балдарга зарыл жардамдарды көрсөтөт;
  • Балдар иштери  боюнча  комиссиянын  иштерин   катышат;
  • Зарылдыкка жараша балдардын өздүк документтерин (туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, паспорт…) калыбына келтирүүгө көмөктөшөт;
  • Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен коомчулукту балдардын көйгөйлөрүн чечүүгө тартат;
  • Балдар менен өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын иликтөөгө байланышкан маалыматтарды чогултат, жашы жете электердин жеке маселелерин чечүү жана аларга шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик уюмдарга расмий суроо-талап жөнөтөт;
  • жүрүм-туруму бузулгандарга, турмуштук кыйын кырдаалдарга тушуккандарга, камкордукка муктаж болгондорго, өзгөчө муктаждыгы бар окуучуларга жардам берү үчүн аларды эсепке алып, аларга жардам берүүдө мектептин мугалимдери, психологдору (эгер болсо) ата-энелер (алардын алмаштырган кишилер), социалдык кызматтардын, жаштарды ишке орноштуруу кызматтарынын адистери, кайрымдуулук уюмдары  менен  бирге  иш  алып  барат.

Тарбиялык процесстерди уюштуруу кабинетинин башчысы          А.Аманбаева

 

2025-2026-окуу жылындагы январь секциялык ишине жатак мектептердин тарбиячыларынын кызматтык милдеттери боюнча боюнча усулдук сунуш.

 

Тарбиячылардын кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  1. Тарбиялануучулардын жатак мектептеги жашаган учурдагы коопсуздугуна жооп берет
  2. Тарбиялануучулардын коопсуздугу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт
  3. Тарбиялануучулардын үй тапшырмасын аткаруусуна жардам берет
  4. Балдар жамаатында туруктуу эмоционалдык климатты түзөт
  5. Тарбиялануучулар менен жылуу мамиледе болот
  6. Тарбиялануучулардын психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрун эске алат
  7. Балдардын жана чөйрөнүн өзгөчөлугүн эске алып, түрдүү иш-чараларды өткөрөт
  8. Жамааттагы балдардын психологиялык жана физиологиялык өсүүсүнө байкоо жүргүзөт
  9. Балдар жамаатында тарбиялоонун түрдүү формалары менен мамилени гумандаштырат
  10. Балдардын калыптанышында эмоционалдык комфорт, жагымдуу чөйрө менен корголгондугун көрсөтот
  11. Баланын өсүшүнө, жөндөмүнүн ачылышына жардам берет
  12. Тарбиялануучулардын кызыкчылыгын коргойт
  13. Системалуу тарбия иштерин уюштурат
  14. Ата-энелер менен иштейт (иш-чара, ачык сабак, семинар, чогулуш) уюштурат

 

 

            Тарбиячылар кандай жатак мектептерде иштей алат

 

Балдар үйүндө

Балдар үйү-мектеби

Жатак интернаттарда

Социалдык-реабилитациялык борбордо

Социалдык баш калкалоочу жайда

Өсүүдөгү мүчүлүштүктөрү бар балдар үчүн уюштурулган коррекциялык балдар үйүндө

Девианттык (оогон) жүрүм-турумдагы балдардын социалдык окуу-тарбия берүүчү мектептеринде

 

   

Тарбиялык процесстерди уюштуруучулар кабинетинин башчысы     А.Аманбаева

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *