Ош облусундагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында математика, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн «Окуучуларды ЖРТга даярдоо» аталышындагы 24 сааттык курс өтүүдө. Бул кыска мөөнөттүү курс Ош билим берүү институтуту тарабынан демилгеленип, «ЖРТнын жыйынтыктарын жакшырталы!» деген ураандын алдында уюштурулган.
Аталган институтту директору, билим берүүнүн облустук координатору Гульмира Турдубаеванын айтуусунда курска жалпысынан 32 кыргыз тили жана адабияты мугалими, ошондой эле 34 математик
а мугалимдери катышууда. Окутуунун жүрүшүндө курс угуучулары ЖРТда окуучулар көңүл бурушу керек болгон жагдайлар жана андагы тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, аны
чечүүнүн жолдорун талкуулашууда.
«Курска ЖРТ боюнча мыкты тренерлер тартылып, бул багытта окуучуларын даярдаган мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары да сунушталууда. Курс аяк
таган соң катышуучулар мындан ары тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүп, келип чыккан көйгөйлөрдү бирге жеңүү максаты мерчемделип жатат» — деп кошумчалады Г. Турдубаева.
#OshBilim
#ЖРТ