ОШТО ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОРЛОР ҮЧҮН КУРС УЮШТУРУЛДУ

Uncategorized

Ош билим берүү институту тарабынан жаңы дайындалган мектеп директорлору үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу уюштурулду. Аталган курс 2024-2025-окуу жылына карата түзүлгөн курстардын графигине жаңыдан кошулду.

Ош билим берүү институттун кафедра башчысы, аталган курстун куратору Советбек Аматовдун айтуусунда курска жалпысынан 20 жаңы дайындалган директор катышууда. Окутуунун жүрүшүндө курс угуучулары билим берүүнү башкарууда көңүл бурушу керек болгон жагдайлар жана андагы көйгөйлөрдү изилдеп, аны чечүүнүн жолдорун талкуулашууда.

«Курска билим берүүнү башкаруу жана уюштуруу жаатындагы мыкты тренерлер тартылып, бул багытта ийгиликтүү болгон мектеп директорлорунун алдыңкы тажрыйбалары да сунушталууда. Мындан сырткары курс угуучуларына 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча да кенен маалыматтар берилүүдө» — деп кошумчалады С. Аматов.

Ош билим берүү институтуту тарабынан ушул окуу жылы өтүлө турган курстардын графиги менен таанышкысы келгендер бул шилтемени басыңыздар.

 

#Мектеп_жетекчилери

#OshBilim

#курс

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *