Алай районунда «Окутуунун 5Е жана 3С+Е модели» боюнча облустук семинар

Uncategorized

Окутуунун 5Е жана 3С+Е модели боюнча облустук семинар болуп өттү.

Ош билим берүү институтунун жылдык планынын негизинде  Алай районунун С.Төрөшев атындагы  жалпы билим берүү мектеби мекемесинин базасында “Окутуунун  5Е жана 3С+Е моделдерин  колдонуу аркылуу окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатуу”  деген темада физика мугалимдеринин облустук семинары  болуп өттү. Семинарга облустун бардык район, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн усулкана башчылары, усулчулар жана физика мугалимдери катышты. Семинардын негизги максаты физика сабагында STEM жана санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу аркылуу окуучулардын изилдөөчүлүк компетенттүүлүгүн  өнүктүрүү, алардын көйгөйлөрдү чечүү, экчперимент жүргүзүү, маалыматтарды талдоо жана алынган жыйынтыктарды негиздеп коргоо көндүмдөрүн  калыптандыруу багытында болду. Ушул максатты ишке ашырууда окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатууда эл аралык  5Е, 3С+Е моделдерин колдонуп  Алай районундагы алдынкы физика мугалимдери чыгармачыл сабактарды, мастер-класстарды өтүштү.

Атап айтсак,  С.Төрөшев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин физика мугалими Э.Бектемирова сабактын планын жазууда жана презентация жасоодо санарип платформаларын колдонуу, Т.Алиева 3С+Е моделинде сабактын планын түзүү деген темада мастер-класстарды өтүштү. Ад эми физика сабагында окутуунун жаны моделдери боюнча Апсатарова Уулкан чыгармачыл сабактарды өтүштү. Ошондой эле Кудайбердиева Нуржамал, Жалал кызы Алмаш, Рысбаева Анара жана Төрөкулова Миргүл жогорку денгээлдеги сабактарды өтүшүп, катышуучулардын алкоосуна ээболушту. Ал эми  семинардын аягында Абдрахманова Жанаргүлдүн “Физика жана келечектин технологиялары” деген темада өткөргөн класстан тышкаркы иш-чарасы өзгөчө кызыгууну  туудурду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *