«Улут уңгусу жана “Алтын-Казык” – билим сапатына жол»

Uncategorized

Ош билим берүү институтунун Ноокат районундагы

«Алтын-Казык» мектебинде билим сапатын жогорулатууга арналган облустук семинары

2026-жылдын 24-апрелинде Ош билим берүү институтунун жетекчи адистер кабинети тарабынан Ноокат районундагы «Алтын-Казык» орто мектебинде «Улут уңгусу жана “Алтын-Казык” – билим сапатына жол» аттуу облустук семинар уюштурулду. Бул иш-чара Ош билим берүү институтунун 2026-жылга кабыл алынган иш планынын негизинде өткөрүлүп, анын негизги максаты аталган мектептин директору Сапаров Махаматжан агайдын иш тажрыйбасын жайылтуу жана мектеп жамаатынын жетишкен ийгиликтерин облустук деңгээлде жайылтуу болду.

Семинар кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо жана билим сапатын жогорулатууга арналган маанилүү иш-чара катары өттү.  Катышуучулар алгач мектеп жамаатынын чыгармачылык эмгектери коюлган көргөзмөлөр жана окуучулардын таланттарына күбө болушту. Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгү уюштурулуп, конокторго Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Атаканова Нурайым Эрмекалиевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Джусупов Таалайбек Сайпиевич жана Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Пиримкулов Мирлан куттуктоо сөздөрүн айтышып, семинардын жүрүшүнө ийгилик каалап өтүштү.

Мектеп директору Сапаров Махаматжан катышуучуларды мектептин жетишкендиктери менен кеңири тааныштырып, билим сапатын жакшыртуу жана инновациялык окутууну өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң катышуучулар топторго бөлүнүп, ар кыл багыттагы мастер-класстарга күбө болушту. Өзгөчө кызыгууну жараткан сабактардын бири – Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын алкагында өткөрүлгөн «Уңгудан бийиктикке карай жол» жана «Келечектин ачкычы: 12 жылдык билим берүүдөгү кесипке багыт берүүнүн жаңы форматтары» аттуу иш-чаралар болду. Бул мастер-класстарда мугалимдердин чыгармачыл ыкмалары жана жаңы билим берүү ыкмалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө мектеп мугалимдери — музыка мугалими Абдыраимов Акмат, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Камбарова Зуура жана Кудайбердиева Ырысгүл тарабынан уюштурулган “Улуттук мурас – түбөлүк казына” аттуу класстан тышкаркы иш жогорку деңгээлде өттү. Бул бөлүк окуучулардын Мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук мураска болгон сый-урматын калыптандырууга арналган.

Иш-чаранын соңунда район жана шаарлардан келген катышуучулар пикир, сунуштарын айтышып, “Алтын-Казыктын” жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти. Ош билим берүү институтунун директордун орун басары Раимбекова Чынара Зикириллаевна семинардын жүрүшүн жыйынтыктап, уюштуруучулардын аракетин жогору баалап, мектеп жамаатына жана катышкан мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ал эми семинардын өтүшүнө салым кошокон мугалимдер Ош билим берүү институтунун ардак грамоталары жана мектеп жамааты ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Бул облустук семинар тууралуу маалымат Ош билим берүү институтунун жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында, ошондой эле ОшБИнин расмий сайтында жарыяланды. Семинарга жалпысынан облустун бардык райондорунан 47 мугалим жана билим берүү кызматкери катышып, алар үчүн бул иш-чара тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтчасы болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *