Урматтуу билим майданында эмгектенип келе жаткан мугалим эжейлер, ардактуу кесиптештер, жалпы эле айымдар!
Сиздерди жаз менен кошо кирип келген жылдын эң жаркын майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул көптөн күткөн, сүйүктүү жаздын күнү – сулуулук менен кооздуктун майрамы, бул сиздердин майрамыңыздар, урматтуу айымдар! Адамдарга ишеним, келечекке үмүт, сүйүү сыяктуу түбөлүк баалуулуктарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген сиздерсиздер.
Эзелтен эле үй-бүлө очогунун үлгүлүү сакчылары болгон аялзаты катары балдарыбызга эң сонун сезимдерди тартуулап, аларга түбөлүктүү руханий баалуулуктарды өткөрүп, облусубуздун жашоосуна активдүү катышып, өзүңүздөрдүн ишмер сапаттарыңыздарды ийгиликтүү ишке ашырып келе жатасыздар.
Урматтуу айымдар!
Баарыңыздарга чын дилимден мындан аркы ийгиликтерди, түгөнгүс оптимизмди, бакыт-таалай жана келечекке ишеним каалайм! Үй-бүлөңүздөр, деги эле жакындарыңыздардын жакшылыгына болгон түйшүктөрүңүздөр сиздерге сүйүү жана жылуулук менен кайтсын!
Урматтоо менен,
Ош билим берүү институтунун директору,
Облустук билим берүүнүн координатору Гульмира Турдубаева
Салам
Ишиңиздерге ийгилик
Саламатсызбы?